Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн 3-февралда Москвада кол коюшкан мамлекеттик насыя (кредит) берүү, Кыргызстандын Орусияга карызынын калганын кечүү, Камбарата ГЭС-1 курулушу жөнүндөгү макулдашуулар ратификацияланышы күтүлүүдө. Кечээ бул үч келишим комитеттерде жактырылган. Ошондой эле “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору дагы каралмакчы. (AJ)