Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев Россия менен жетишилген келишимдерди кубаттап, бирок алынган каражатты пайдаланууда ачыктык, жоопкерчилик болуш керектигин белгиледи. Масалиев ошондой эле алынган насыялады кайтаруу мезгили келерин, 2 миллиард доллар насыя алуу менен өлкөнүн карызы 4 миллиард доллар өскөнүн белгиледи. Депутат Динара Молдошева да алынган насыяны ачык жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга, элдин пайда болгон үмүтүн өчүрбөөгө чакырды.(AiT)