Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Жалал-Абат облбийлиги 2008-жылды жыйынтыктаган кеңешме өткөрдү

Кеңешмеде баяндалгандай, облуста былтыр 27 миллиард сомдон ашык айыл чарба, өнөр-жай өнүмдөрү чыгарылган. Электр кубаты 24 пайызга кем өндүрүлгөн. Макмал алтын комбинаты алтын чыгарууну 189 килограммга азайткан. 21 миң гектар аянт иштетилбей калган. Сузак, Таш-Булак, Барпы айыл өкмөттөрү мамлекеттин үлүшүндөгү жерлерди кызмат абалы үчүн пайдаланышкан. Чет өлкөлүк кредиттер менен казыналык каражаттарды кайтаруу начар бойдон калууда. Жалал-Абат шаары жапон грантын, Аксы районундагы эки айыл өкмөтү өкмөттүк аманат акчаны төлөөдө бир сом да кайтарбаган. Экономикалык кризистин айынан өзбекстандык ишкана “Нур” акционердик коому менен келишим түзбөгөндүктөн быйыл Жалал-Абаттагы бул ишкана 60 миллион сомдук өнүмдү алалбай калуусу күтүлүүдө деп баяндалды бүгүнкү кеңешмеде. (YA)
XS
SM
MD
LG