“Кызматынан кыянат пайдаланып, гуманитардык жардамдарды башаламан тараткан” деген айып менен 5 жылга кесилген Ош облус губернаторунун мурунку биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевди кынтыксыз жүрүм-туруму үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү менен Ош шаарындагы № 25 абактын жетекчилиги шаардык сотко кайрылган. Ош шаардык соту судья Арзыбек Акыевдин төрагалыгы астында бул ишти 4-февралда карай баштап, жараянды 6-февралда улантаарын жарыялаган. Бирок Кушбак Тезекбаев «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ал ооруп жатса да, 5-февралда сотко алып барып, мамлекетке компенсация катарында 700 миңден ашык сомду төлөбөпсүз деп, өтүнүчтү четке каккан чечимди угузушкан. Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Рыспек Алчиев 25-абак жетекчилигинин сунушу жүйөөсүздүгүн, Кушбак Тезекбаев мамлекетке келтирген зыянды толук төлөмөйүнчө түрмөдөн таптакыр бошотулбасын билдирди. (ATo)