Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бүгүн Багдадга барды


Анын бул сапары алдын-ала кабарланган эмес эле. Баш катчы адегенде президент Жалал Талабани менен кездешти, кийинчирээк ал премьер-министр Нури ал-Малики менен жолугушуп, өткөн ишембиде болгон жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктарын жана башка маселелерди сөз кылмакчы. Улуттар уюмунун маалымат катчысы Саид Арикаттын ырастоосунда, Пан Ги Мун Ирак элин добуш берүүнүн негизинен тынч жана ийгиликтүү өткөндүгү менен куттуктайт. Кечээ шайлоонун алдын ала жыйнтыктары жарыяланып, ага ылайык, премьер ал-Маликинин партиясы добуштардын көбүн алган. БУУнун көз карандысыз шайлоо комиссиясы добуш берүүнү уюштурууга жардам берген.

XS
SM
MD
LG