Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

А.Бекбалаев Кыргыз улуттук университеттин ректорлугуна дайындалды


7-февралдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругуна ылайык Амангелди Бекбалаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин ректору кызматына дайындалды. Бекбалаев буга чейин университеттин ректорунун милдетин аткарып келген. Өткөн жылы 13-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында Кыргыз улуттук университетинин мурдагы ректору Ырысбек Өмүрканов окуу жайдагы бир катар калпыстыктар үчүн ректордук кызматтан бошотулуп, анын ордуна А.Бекбалаев ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. (AJ)

XS
SM
MD
LG