Мындай оюн 16 жылга соттолгон Алмазбек Асановдун апасы Жибек айым «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, акыркы үмүт Президент Бакиевде жана Жогорку Сотто калды. Алар жергиликтүү соттордун өкүмдөрүн кайрадан калыс териштирип, адилетсиздикке чекит койбосо, Ноокат тополоңуна катышкан деп айыпталган 32 жарандын энелери Бишкекте нааразылык акциясын баштоого ниеттенишүүдө. Ош облус прокурору Жолдошбек Сулайманов болсо жергиликтүү соттордун өкүмүн кубаттап, Ноокаттагы башаламандык бийлик үчүн да, дин тутунгандар үчүн да олуттуу сабак болгондугун баса белгиледи. (ATo)
Ноокат тополоңу боюнча соттологондордун энелери Ак үй алдында ачкачылык жарыялоону туура табышты