Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:01

Өкмөттүн АКШ базасын чыгаруу чечимин бүгүн парламент комитети карайт


Жогорку Кеңештин маалыматына караганда бүгүн Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитети өкмөттүн чечимин талкуулаганы жатат. “АКШ менен Кыргызстандын макулдашуусунун түзүлүшүнө байланышкан 2001-жылдын 4-декабрындагы АКШ элчилигинин нотасына денонсациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жооп нотасы жөнүндөгү ” мыйзам долбоору парламентке 4-февралда түшкөн. Комитеттин отурумуна өкмөттүн атынан Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев катышат. Ушул эле күнү долбоорду СДП фракциясы талкуулайт деп болжолдонууда. Кыргызстанда жайгашкан антитеррордук АКШ аба-аскерий базасын чыгаруу боюнча Кыргыз өкмөтүнүн бир тараптуу чечимин президент Курманбек Бакиев 3-февралда Москвада иш сапары маалында жарыялаган. Бир жактуу чечимди президент тараптарда экономикалык компенсация боюнча тил табышуу болбогондугу менен негиздеген. (BuS)

XS
SM
MD
LG