Облустук аскер комиссариаты жоюлгандан кийин алар шаардык комиссариатка которулган. Аскер адамдарына жалыйна өз убагында берилгени менен техникалык бул 12 кызматкерге бир нече ай бою эмгек акылары төлөнбөй калган. Мындай маалымат укук коргоочу Ильмар Ижковдон алынды. Ижковдун белгилешинче, алардын 4 миңден 13 миң сомго чейнки аласасын берүү маселеси шаар комиссариатына коюлду жана маселе чечилбесе сотко берилеери эскертилди. Аскер комиссарынын орунбасары Жолдошбай Мамасаидовдун түшүндүрмөсү боюнча, аталган адамдарды маяна менен камсыздоо милдетин жергиликтүү казына алган. Эмгек акыларды өндүрүү маселеси 10-февралда эсепчи жана аскер комиссары келгенде чогуу талкууланат, деп белгиледи орунбасар Жолдошбай Мамасаидов. (YA)