Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:24

Австралияда токойлордогу өрттөн 130 адам набыт болду


Австралияда өрт тез-тез эле болуп турат. Бирок мынчалык чоң жоготууга алып келген өрт өлкөнүн тарыхында буга чейин катталган эмес. Миңдеген өрт өчүрүүчүлөр азырга чейин Виктория штатында аны менен күрөшүп жатышат. Экинчи чоң шаар деп эсептелген Мелбурнга жакын жерде бир шаарча толугу менен күйүп жок болду. Полиция “өрттү бирөө атайылап эле чыгарган болсо керек” деп жатат. Премьер-министр Кевин Рудд муну “массалык адам өлтүрүү” деп атады.

XS
SM
MD
LG