Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:01

Жашылдар партиясынын лидеринин соту эртең уланат


Партиянын кеңсесинин маалыматына караганда ишти Биринчи май райондук соту 11-февралда караганы жатат. Башкы прокуратура президент Курманбек Бакиевди мазактады деп партия лидери Эркин Бөлөкбаевди сотко берген. Буга күч кызматкерлери 2008-жылы 13-декабрда партия кеңсесин тинтүү учурунда тапкан карикатуралар негиз берген. Соттук териштирүүлөр 10-январда башталып, андан бери ар кандай себептер менен эки ирет кийинкиге жылдырылды. Оппозициялык күчтөр бул кылмыш ишин саясий куугунтук деп жатышат. (BuS)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG