Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Кыргызстанга “кылпыллама” жарашпайт


Кыргыз гезиттери “Манас” авиабазынын айланасындагы окуяларды талкууга алууну улантып жатышат.

“Кыргызстандын бийлиги – бирөөлөрдүн колундагы марионетка болуп калды”. “Аалам” гезитиндеги маектешүүсүн ушинтип атаган Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов АКШ авибазасынын инфраструктурасы түздөн-түз НАТОнун тутуму менен чырмалышканын, базаны Буш менен Путин макулдашып ачканын, аны эми Маскөөдө жабабыз деп чечкенин, Кыргызстандын саясый бийлигинин башындагылар дегеле бул маселеге келгенде эч кандай эрдик көрсөтпөгөндүктөрүнө токтолду. Бакыт Бешимовдун ою боюнча, база Орусиянын колундагы картага айланды. Кыргыз жетекчилиги геосаясый планда өзүбүз эле чечип жатабыз деп көкүрөк какканы менен, акыр-аягында жөнөкөй эле марионетка болуп чыга келген. Эми ушундан кийин президент К. Бакиевге карата эл аралык чөйрөлөрдө бир жактуу пикир түзүлүп калат.

Ушул эле маектешүүнүн жанына Оксфорд университетинин саясат иликтөө боюнча доктору Шамиль Еникеевдин чакан макаласы жарык көрдү. Автор анысында ансыз да өз абалы кыйындап турган Орусиянын Кыргызстанга акча таап бере салганы оңой-олтоң эле боло койбогонун айтат. Орусяи күндөн-күнгө алтын валюта корун жоготкондон жоготуп баратат. Мамлекет бул жылы эле өз компанияларына 160 млн. доллар карыз, андан да анысын быйыл кайтарып бериши керек. Политологдун айтымында, өзү өйдөлөнүп жатып Кыргызстанга акча таап бергендин өзүндө кеп бар. Чыгыш Европадагы мурдагы таасиринен кол жууп калган орустар эми кандай болгон күндө дагы Кавказ менен Борбор Азияны колдон чыгарууну каалабайт. Ошол эле убакта АКШысыз Ооганстанга операция жүргүзүү жалгыз орустардын колунан келбейт. Буга байланыштуу Кыргызстандын жетекчилиги АКШ жана Европа мамлекеттери менен мамилесин бузуп албоо үчүн аталган мамлекеттин саясатчыларына “Манастын” айланасында кабыл алынган чечимди так жана ачык-айкын түшүндүруп бергени оң болмокчу. Гезит мындан башка да базага байланыштуу коомдук ишмер К. Ормушевдин “Ганси авибазасын чыгаруу кимдин долбоору?”, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, ЖК депутаты Бакыт Иманалиевдин “Эски фактылар менен жаңы жетекчиликти айыптап жатат” деген интервьюларын сунуш кылды.

“Ачык саясат” гезити “Манас” авиабазасынын Кыргызстандан чыгарылышы тууралуу өкмөттүн чечимин “туруксуз саясаттан тумандуу саясатка өтүү” деп баалады. Америкада баш калкалап жүргөн Равшан Жээнбеков өз маегинде кабарчынын: ”Кыргызстандын парламенти К. Бакиев кабыл алган чечимге каршы чечим кабыл алышы мүмкүнбү?” деген суроосуна: “Ооба, теориялык жактан мүмкүн, бирок практика жүзүндө мүмкүн эмес, анткени бүгүнкү парламент чөнтөк парламент, анын 90 пайызы президенттин “кишилери”, демек мындай парламентте президент менен өкмөттүн чечимине макул болбой коюу деген түшкө кирбей турган нерсе, кокус К. Бакиев Орусиянын оор соккусунан сактануу үчүн өз чечимин өзгөртүүнү кааласа, анда көшөгө артынан парламентке көрсөтмө берет да, чечим кабыл алынгандан кийин аны парламентке шылтай салып басып кетет” деп жооп берди. Саясатчы Р. Жээнбеков андан ары, Бакиев бийликте турган 4 жылдан бери Батыш өлкөлөрүнүн бирине да ырасмий сапар, же иш сапары менен барбагандыгын, тескерисинче Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери да Кыргызстанга келбегенидигин, мына ушунун өзү эле Кыргызстандын дүйнөлүк агымдан ажырап калгандыгын көрсөтөрүн, ал эми авиабаза боюнча окуяга байланыштуу чечим К. Бакиевдин чечими эмес экендигин, ал кимдики экендигин коомчулук жакшы түшүнөрүн кеп кылган.

Басылма мындан тышкары Ө.Текебаевди тергөө иштери токтотулганын, Текебаев эми Кара Буура районунун милицияларын эле эмес, Таластын акимдерин да сотко бергени жатканын, өткөн 6-7-февраль күндөрү Алматы шаарында “Ата Мекен” социалисттик партиясы Казакстандын социал-демократиялык партиясы менен жолугуп, пикир алышканын, ошол жолугушууда казак оппозициясынын лидери Жармухан Туякбай өткөн бир жагдай жайын эскерип, 2005-жылдын мартында Курманбек Бакиев телефон аркылуу андан революция үчүн акча сураганын, анан анын атынан Дастан Сарыгулов келип кеткенин жазып чыкты. Гезит ошондой эле “Манас” авиабазасынын айланасындагы окуяларды анализге алган баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Атка минерлердин оборун оолжуткан Россиялык кредит” деп аталган баянын, “Коммерсант” гезитинен көчүрүлгөн “Манастагы” авиабазанын баасы эми өсөт” деген макаланы тартуулады.

“Калкыбыздын санын көбөйтөлү деп казактар түп Мекенине бүт дүйнөнүн казактарын чакырып алды. Орустар кытайлардан сактанып, КМШдагы орустарын чакырып, моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүп жатат. Бир гана Кыргызстанда улутташтарына боордоштук колдоо сөз бойдон кала берүүдө” деп жазат Өзбекстанда туулуп өсүп, өз Мекенине кайтып келген кыргыз, тарыхчы Анарбай Пардабаев “Кыргыз туусу” гезити аркылуу “Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт!!!” деген макаласында. Автор андан ары Кыргызстанга жашайлы деп келген адамдар, коррупциялашып калган мекемеден паспорт алалбай 10-15 жылдан бери азап тартып келаткандарын, ошол эле учурда Өзбекстан мамлекети “өзбек” болуп кайра бизге өткүлө” деп өз улутунун саясатын жүргүзүп келатканын, айтор Кыргызстандан сыртта калган кыргыздар кайсыл элде жашаса ошол элге сиңип, жоголуп баратканын айтып, коңгуроо кагып, зар какшаган.

Бишкектик адвокат Алимжан Мусаев болсо экология маселесине президент К. Бакиевдин көңүлүн бургусу келет. Автор кезинде Майлуу-Суу, Миң-Куш, Кажы-Сай, Орловка жана башка ушул өңдүү аймактардан уран казылып алынып, жашыруун Орусияга жөнөтүлүп турганын, тээ илгери балык туйлаган Миң-Куш суусунда азыр балык турмак, бака чардабай калганын, бул аймакта жашаган кыргыздар суусу, жери, тоо-ташы эле эмес, ден соолугунан ажыраганын кеп кылып, эмне үчүн кыргыз тоолорун казып Кара Үңкүргө айландырган орус мамлекетине доо коюлбайт деп суроо койгон. Ал Кара-Шоро, Туюк-Төр, Кара-Дөбө, Байбиче деген тоолордун ушу тапта чалгындалып, кайбири казылып, көмүрү башка мамлекеттерге ташылып жатканына капа болгон. Ушуну казуу иштерин токтотууну, болбосо жогоруда аттары аталган тоолор да өлүү тоого айланарын айткан.
XS
SM
MD
LG