Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Жекшенкулов суракка чакырылып, иниси камакка алынды


Экс-министрдин бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда ал бүгүн кылмышты издөө башкармалыгында күбө катары суракта болду. Башкармалык Жекшенкуловду анын уулу да болгон деп саналган Бишкектеги түнкү клубда чыккан чатак, андагы ок атуу фактысы боюнча күбө катары чакырган. Бул суракта анын 2004-жылдан бери алып жүргөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасын юстиция министрлигинде экспертизадан өткөрүү милдеттендирилди. ИИМ тапанчаны биринчи жолу экспертизадан 6-февралда өткөргөн. Тапанча анда Аликбек Жекшенкуловдун жана күбөлөрдүн катышуусунда алты ирет ок атылып текшерилген.
Ушул эле күнү Жекшенкулов иниси Таалайбек Медеркулов кечээ камакка алганын билдирди. Балыкчы шаардык прокуратурасы вице-мэр Таалайбек Медеркуловго Кылмыш Кодексинин 305-беренесинин биринчи бөлүмү жана 306-беренеси боюнча ишинен кыянаттык менен пайдаланды деп кылмыш ишин козгогон. “Акыйкат үчүн” кыймылынын башчысы Аликбек Жекшенкулов бул аракеттердин бардыгын өзүнө каршы жасалган саясий кысым деп, учурда анын туугандарынын бешөөнө каршы тергөө иштери жүрүп жатат деп билдирди экс-министр. (BuS)

XS
SM
MD
LG