Кайрылууда өкмөт менен айыл-суу чарба, каржы, экономика жана соода министрликтери менен монополияга каршы күрөшүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агенттиктеринин иши төмөнкү деңгээлде деп белгиленди. Азык-түлүк бааларын өсүп, электр жарыгынын тез өчүүсү жашоого терс таасирин тийгизүүдө. Буга бийликте отурган чиновниктер күнөөлү деген коммунисттер абалды жакшыртууга 13 сунуш киргизген. Президенттин чечимин, Жогорку Кеңештин мыйзамдарын аткарбагандар кызматтан четтетилсин, аймактык реформалар жүргүзүлсүн, пенсия-жөлөк пулдар 50-60 пайызга көбөйтүлүп, баанын өсүүсүн, эгин аянттарын сатууну токтотуу, дүйнөлүк экономикалык кризиске каршы чечкиндүү чараларды көрүү, тарыхый эстеликтерди сактап калуу зарыл, – деп айтылат кайрылууда. (YA)