Каракол шаарынын “Толкун” кинотеатрында «Ак жол» партиясынын Ысык-Көл облустук төртүнчү конференциясы өттү. Ага 274 делегат катышты. Күн тартибинде саясий партиялар менен тыгыз иштөө, президент К.Бакиевдин кайрылуусун элге түшүндүрүү милдеттери каралды. Облус губернатору Кыдыкбек Исаев Каркыра жайлоосунда өтө турган Ысык-Көлдүн 70-жылдык мааракесине карата 70 объект ишке берилээрин билдирди, ошондой эле Каркыранын Казакстан тарапка кандай жери берилгенин далилдеш үчүн ага каршы болуп келген оппозиция өкүлдөрүн дагы тойго чакыруу сунуштары түштү. «Ак жол» партиясынын облустагы координатору Мурат Жетимишбаев көлдө расмий түрдө 9 миңден ашык мүчөлөр катталганын жана анын катары күн санап өсүп атканын айтты. (RB)