Өлкө парламентти – Кнессеттеги 120 орун үчүн мөөнөтсүз шайлоо бул ирээт Израилдин Газа секторунда палестин согушкерлеринин ракета атуусун токтотуу максатында жүргүзгөн аскерий операциясынан кийин өтүп жаткандыктан шайлоо өнөктүгү мына ушул окуянын көлөкөсүндө калды. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, мурдагы премьер-министр Бенямин Нетаняхунун оппозициядагы "Ликуд" партиясы менен азыркы тышкы иштер министри Ципи Ливнинин бийликтеги борборчул "Кадима" партиясы - башкы атаандаштар.
Ал эми үчүнчү орунду мурдагы СССРден чыккан Авигдор Либермандын улутчул маанайдагы "Исраэл бейтену" ("Биздин үйүбүз Израиль") деген партиясы ээлеши мүмкүн.
Өлкөдө добуш берүүгө укуктуу калктын саны 5,3 миллион. Алар үчүн 9 миңден ашуун шайлоо бекеттери ачылды.
Шайлоонун мөөнөтсүз өтүшүнө премьер-министр Эхуд Ольмерттин коррупциялык жаңжалдардан улам былтыр сентябрь айында кызматтан чегинерин жарыялаганы жол ачты.