Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Россия былтыр СССР доорунан бери рекорддук өлчөмдө курал-жарак сатты


Бул тууралуу орус президенти Дмитрий Медведев билдирди. 2008-жылы курал соодасынан 8,35 миллиард доллар түшкөн. Бул – 2007-жылга караганда 800 миллионго көп. Медведев дүйнөлүк экономикалык кризистен курал рыногу да жабыркашы ыктымал деп, тармактын жетекчилерин жаңы кардарларды издөөгө үндөдү. Орус курал-жарагынын ири сатып алуучулары Кытай менен Индия болуп келген. Кийинки аларга Венесуэла, Алжир жана Иран кошулду.

XS
SM
MD
LG