Окуя Иран Ислам революциясынын 30 жылдыгына арналган салтанат маалында орун алганы маалымдалууда. Хатаминин фонду вебсайтында жазганына караганда колдоруна союл кармаган адамдар “Хатамиге - өлүм” деп кыйкырып, аны көздөй жылышкан. Экс-президенттин тарапкерлери аламандаган топтун жолун торошкон. Эки күн мурун Хатами июнь айында өтчү президенттик ат салышка катышаарын жарыялаган.