Бирок базаны толук чыгаруу үчүн өкмөт 13 өлкө менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну сунушташ керек. Ал эми парламентке 2001-жылы АКШ менен түзүлгөн келишимди гана жокко чыгарууну сунуштаган мыйзам долбоору келген. Бул тууралуу коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев “Азаттыкка” билдирди.Анын айтымында, антитеррордук коалицияга кирген 13 өлкө менен келишим бар. Базаны толук чыгуу үчүн алардын баары менен келишимди бузуш керек. (AiT)