Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Балдар бакчалары китеп менен камсыз болот


Билим берүү министрлиги республиканын бардык аймактарындагы бала бакчаларга жаңы китептерди жеткирет. Бул тууралуу министрликтин “Билим бардыгы үчүн” долбоорунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Айгүл Эштаева билдирди. Ушул тапта элдик жомок жана белгилүү авторлордун чыгармаларынан турган жүз аталыштагы китеп бекитилсе, алардын 71и кыргыз тилиндеги китептер. Маалым болгондой ар бир бала бакча 400 китептен алышат. А. Эштаеванын айтымында, бул үчүн 13 миллион сомго чукул каражат Каталитикалык корунан грант катары бөлүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG