Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

К. Бакиев: АКШ-Кыргызстан мамилеси бузулбайт


Себеби АКШнын Кыргызстандагы базасы экономикалык себепке байланыштуу гана чыгарылды деп билдирди президент бүгүн журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында. Президент ошондой эле АКШ жетекчилигине базанын акысын көтөрүүнү сурап бир нече ирет кайрылып, майнап чыгара албай койгондо ушундай бир тараптуу чечим чыгарууга аргасыз болгонун айтты. Базанын жайгашып турганы үчүн эки жыл мурда жалпысынан Кыргызстан менен АКШ 150 млн. доллар төлөп турууну макулдашкан, бирок, бул каражат толук төлөнгөн жок деди президент. Бакиевдин айтымында Кыргызстан АКШ сыяктуу эле ЕККУ менен да кызматташтыгын да, терроризмге каршы күрөштү да уланта берет.
Президент АКШ базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн чечимин 3-февралда Москвада жарыялаган. Коомчулук болсо кыргыз бийлиги Орусиянын камчысын чапты, Орусиядан кредит алуу үчүн ушундай кадамдарга барды деген пикирлер айтылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG