Президент К. Бакиев бүгүнкү маалымат жыйынында Өзбекстандын көгүлтүр отунга койгон 240 доллар баасы Кыргызстан үчүн бийигирээк болуп калганын айтты. Мамлекет башчынын пикиринде, Кыргызстан үчүн европалык чен өлчөмдөн алганда 180-190 доллар туура болмок. Бирок Кыргызстанга газ керек, ошондуктан ушундай баа менен алганга мажбур. Ошол эле учурда Кыргызстан буга жооп катары коңшуларына электр кубатынын баасын көтөрүп сатканга барышы керек. “Мына эртең эле жаз келет, жай келет, ошол эле электр энергияны коңшу мамлекеттерге сатканда биз дагы баасын тийиштүү даражага көтөрөбүз. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Себеби дүйнөлүк баалар электр энергетикага өсүп жатат”,-деп белгиледи Курманбек Бакиев. (KCh)