Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Ошто инженер-педагогикалык кызматкерлер жумушун таштап кетүүдө


Мындай маалымат кесиптик-техникалык билим берүү боюнча түштүк башкармалыгынын жыйынында айтылды. Мекеме жетекчиси Каныбек Адиев билдиргендей, Ош облусундагы 12 кесипчилик-техникалык окуу жайында 509 инженер-педагогикалык кызматкер эмгектенет. Алардын дээрлик басымдуулугу пенсия жашындагылар. Кадрлардын таңкыстыгынан улам айрым окуу жайлары жабылуу коркунучунда турат. Ош облус губернаторунун орун басары Гүлайым Машрапова Адиевдин маалыматын шылтоо катары баалап, жаш адистерди тартуу максатында өзгөчө камкордуктарды кийирүү керек деген пикирин ачыктады. (ATo)

XS
SM
MD
LG