"Сөз эркиндиги начар же сөз эркиндиги жок деп айткандарга мен кошула албайм. Өзүнөр жакшы билесиңер, бизде эмне гана деп айтышпайт, эмне гана деп жазышпайт. Бирок сөз эркиндиги бар деп эле мен жанымда отурганды ар кандай сөздөр менен тилдей берсем, анын деле жаны бар да, ал деле бирдеме дейт да, туурабы?"-деп айтты президент К. Бакиев бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча суроого жооп кылып. Мамлекет башчынын айтымында сөз эркиндигине келгенде жоопкерчилик жагын да кошо ала жүрүү кажет. Бирөө экинчисин басмырлап, тилдеп жатса ал жоопкерчилик тартышы керек. “Биз маданияттуу диалог алпарганга, ар бирибиз өзүбүздүн сөзүбүзгө жооп бергенге үйрөнүшүбүз керек”,-деп белгиледи президент.
“Чек арасыз кабарчылар” сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар соңку жылдары Кыргызстанда сөз эркиндиги катуу кысымга туш болуп жатканы тууралуу тынчсызданган билдирүүлөрдү жасап келатышат. Соттук куугунтуктарга чыдабай бир катар журналисттер Кыргызстандан башка жактан баш паанек издегенге аргасыз болушкан. (KCh)