Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Өзбек чек арачылары кармаган кыргыз атуулдары оңой менен кутулбайт


Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык атуулдарды ар кандай шылтоо менен кармап кеткен учурлар көп.
Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык атуулдарды ар кандай шылтоо менен кармап кеткен учурлар көп.

Өзбекстандын коопсуздук кызматкерлери өткөн айда кармап кетишкен кыргызстандык эки атуулдун дайын-дареги белгисиз бойдон калууда. Аларды кармоонун мыйзамсыздыгы жөнүндө Кыргызстандын дипломатиялык каналдар аркылуу жиберген кайрылууларына жооп боло элек.

Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлү Замирбек Садировдон алынган маалыматка караганда, Сузак районунун Жаңы-Жер участогунда Кыргызстандын атуулу Абдрахманов Камалдинди автоунаасы менен чек арага жакын жерден өзбек чек арачылары кармап алып кетишкен. Ага контрабандалык жол менен чек арадагы тосулган зымдарды уурдап атат деген айып коюлууда.

Ошондон он күндөн кийин Чек ара кызматынын отставкадагы кызматкери Кыргызалы Атантаевди дагы Өзбекстандын Үч-Коргон шаарында кафеде олтурган жеринен улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармашкан. К. Атантаевге чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюшкан.

- Тышкы иштер министрлиги, чек ара кызматы, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги, баардык тиешелүү кызматтар менен чогуу дипломатиялык каналдар аркылуу каттар кеткен, иш жүрүп атат, бирок азырынча жыйынтык боло элек. Атантаев азыр Наманган облусунун СНБ кызматында деп айтылып атат. Бирок ал жакка эч ким кирип, аны көрүп чыга элек. Абдрахмановду Өзбекстандын Үч-Коргон облусунун ИИБсында деп айтылып атат, - деп билдирди Замирбек Садиров.

Өткөн жылы Жалал-Абаттын төрт тургуну дагы ар кандай айыптоолор менен Өзбекстанда кармалып чыккан. Чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталып кармалгандардын бири (Хабибулла Абдрахманов) алты жылга кесилип, бирок Өзбекстандын мунапыс мыйзамына ылайык алты айдан кийин жаңы жылга утурлай бошотулган. Анын өзбек жараны болгон аялын административдик жаза тарткан. Х.Абдрахманов облус аймагына кирип келген өзбек чек арачыларына каршылык көрсөткөн деп да айыпталган.

Коңшулар кармап кеткен Ала-Бука районунан эки милиционер кийин Ноокен районунда колго түшүрүлгөн эки автоматка алмаштырылган. Достук айылынын тургунун Кыргызстандын аймагынан кармап кетүүгө аракет кылган өзбекстандык чек арачылар жергиликтүү тургундардын коркуп, курал-жарактарын таштай качышкан.

Облустагы «Адилеттик» уюмунун өкүлү Абдымалик Шариповдун оюу боюнча жарандарды чек арада кармап кетүү туура эмес. Өзбек тарабы кылмыш жасаган деп шектелген адамдар жөнүндө адегенде кыргыз тарапка билдирүүсү керек эле.

Жалал-Абат шаарынын тургуну Батырдын пикирине караганда чек аралардагы мыйзамсыздыктар анын такталып, белги коюлбагандыгынан болууда. Кайсы жер кимге таандык экендиги белгисиз болгондуктан жарандар адашууда:

- Биздин чек арада эмне болуп атканын биз кайдан билебиз. Өткөндөр адашат, билбей өтөт да, баардыгы эле билип туруп анан өтпөсө керек. Ар кандай адамдар кирип атат.

Аксы районунан Сагын Эшме Кыргызалы Атантаевди жакшы билерин айтты. Анын көз карашында Атантаевдин эмдигиче бошотулбай жатканы түшүнүксүз. Айыбы болсо, мойнуна коюп, туура маалымат берүү абзел:

- Эмне себеп менен аны кармап кеткен, кандай күнөөсү бар, бүгүнкүгө чейин бир дагы маалымат жок. Андан кабар алган да адам жок. Биздин кыргыз бийлиги алсыздыгын билдирип атабы, чек ара кызматынын полковниги бир айдан бери Наманганда жатса, бир адам барып кабар алып, эмне күнөөсү үчүн кармадыңар, күнөөсүн мойнуна койгула, болбосо чыгаргыла деп сурап койгон биздин бийликтен бир адам жок. Тез аранын ичинде кабар алыш керек, мейли чек ара кызматы болобу, мейли өкмөт болобу.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG