Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:52

Б.Наргозуев: Өлкөдөн чет мамлекетке наристелерди чыгарууну токтотуу керек


“Ак жол” фракциясынан депутат Бегалы Наргозуев Кыргызстандан 2007-жылы 69 наристе, 2008-жылы 81 наристе АКШга багып алууга чыгарылып кеткенин билдирди. Анын айтымында, Италия, Швеция, Францияга дагы жаңы төрөлгөн наристелерди чыгарууга далдалчы болушкан фирма, кайрымдуулук уюмдар ар бир баланы 12 миңден 17 миң долларга чейин баалап сатып жатат деген маалымат бар. Наргозуев бул маселеге байланыштуу мыйзам актыларын иштеп чыгууну тиешелүү комитетке протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады. Ал ошондой эле кыргыз өкмөтү балдарды багып алуу үчүн Гаага конвенциясына эмне үчүн али күнчө кол койбой келатканына кызыкты. Кыргызстан коммунисттери фракциясынан депутат Николай Байло жогорудагы маселе боюнча парламенттин Миграция, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитети кабардар экенин, өткөн жылдын апрель айынан бери чет мамлекетке багып алуу үчүн Кыргызстандан бир дагы бала чыгарылбаганын айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG