Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин өкүлү, депутат Жанкороз Каниметов билим берүү системасында ириде сапат жана каржылоо маселесин чечүү керек дейт. “Мугалимдердин айлык акысын көтөрүп, мектептерде китеп жетишсиздигин жоюу – билим берүү жаатындагы азыркы эң курч көйгөйлөрдөн” - дейт депутат. Анын сунушунда жаңы муундагы китептердин 100 пайыз жаңылоо керек. Ошондо гана билим сапаты жогорулайт. Коррупция азыр мектеп босогосунан баштап ЖОЖдорго чейин жайылып кетти. Аны ооздуктоо үчүн кескин чаралар керек дейт депутат. (EK)