Буга байланыштуу майрамдык иш-чара бүгүн Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүүдө. Аны Республикалык ооган ардагерлеринин кеңеши уюштурууда. Быйыл 15-февраль мурунку советтер биримдигине кирген өлкөлөрдө Ооганстандан совет аскерлерин чыгаруу күнү катары белгиленет. 1989-жылы дал ушул күнү Өзбекстанга караштуу Хайратон чек ара көпүрөсүнөн ооган аймагындагы эң акыркы совет аскердик бронетранспортеру алынып чыгылган. Ооган согушунда 14543 адам каза болуп, 417 адам барымтага түшкөн. (EK)