Бул тууралуу Ирандын байланыш министри Мохаммад Солеймани маалымдады. Тактап айтканда, министрдин ырастоосунда, Жердин ылдыйкы орбиталарында учуучу 4 жандоочу курулуп жатат, өйдөкү орбиаталарга учуучу дагы 3 жандоочу даяр болуп калды. 2-февралда Иран Үмүт деген алгачкы жандоочусун космоско учурганын маалымдаган. Бул кабар батыштын тынчсыздануусун жаратууда.