Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Биринчи май райондук сотунда Э.Булекбаевге байланыштуу сот уланат


Сот ишти 11-февралда карай баштап, аны 13-февралга которгон эле. Жашылдар партиясынын лидерине каршы президенттин ар-намысына шек келтирген деп, Кылмыш кодексинин 128 беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Сот алгачкы отурумда тараптарды жарашууга чакырды. Башкы прокуратуранын өкүлү өз кезегинде эгерде Булекбаев ачык түрдө маалымат каражаттары аркылуу кечирим сураса, сотко жолдонгон доо арызды чакырып алууга макулдугун билдирген. Эркин Булекбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, ал жеке өзү үчүн кечирим суроого бара албайт.(AiT)

XS
SM
MD
LG