Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети Манас аба майданындагы АКШ баш болгон антитеррордук коалияциянын базасын чыгаруу маселесин 17-февралда карайт. Комитет жыйынында тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат берет. Бул күнү комитет жыйынында Акыйкатчы да өзүнүн жылдык отчетун берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)