Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

Ж.Бакиев мыйзам долбоорун жактоого эмнеге келген жок?


Мындай суроону СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева 12-февралда парламент отурумунда “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатканда узатты. Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Кулупбек Төлөгөнов аталган кызматтын жетекчиси Жаныш Бакиев өлкө башчысынын тапшырмасы менен кетип, жүйөөлүү себептер менен парламентке келе албай калганын айтты. “Эмне үчүн орун басары келет? Эмне үчүн жолдош Ж. Бакиев өзү келбейт? Ал эмне парламентке келе албагандай чоң начальникби? Экинчи ирет анын орун басарынын маалымдамасын угуп жатабыз. Күзөт кызматына бүджеттен ири өлчөмдөгү каражат бөлүнөт, анан начальниктин өзү келбейт. Өзү келип пикирин негиздеп берсин”,-деди Отунбаева. Анын мындай пикирин колдогон депутат Бакыт Бешимов дагы күзөт кызматынын жетекчиси келмейинче “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” мыйзам долбоорун кийинкиге калтырууну сунуштады. “Ак жол” фракциясынын бир мүчөсү мыйзам долбоорлорун кабыл алууда орун басарлар эле келип жүргөнүн айтып, күзөт кызматын коргоого алды. Отурумда ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө” мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу маселе да каралып, парламент тарабынан кабыл алынды. (AJ)

XS
SM
MD
LG