Соода-сатык менен жан баккандардын он өкүлү областтык акимчиликтин кире беришинде бир жарым сааттай турушту. Алар салык саясатына нааразылык билдирип, патент менен иштөө талабын коюшту. Салыкчылар кассалык аппарат жана күбөлүк менен иштөөгө мажбурлап, болбосо чоң айып пул салышаарын эскерткенин айтышты. Сатуучулар күбөлүк менен иштөөгө, сатылган ар бир буюмду каттоого алууга мүмкүн эместигин жана ижара базар, салык акыларынан мурда алган аманат акчаларын кайтаруу, үй-бүлө багуу татаал болуп баратканын «Азаттыкка» билдиришти. Алардын үч өкүлүн губернатордун орунбасары Айбек Акбаров кабыл алып, ал салык маселеси эмки аптада атайын жыйында каралаарын, анын негизинде Жогорку Кеңешке кайрылуу болорун айтты. (YA)