Бүгүн “Чоң жетиликтин” каржы министрлери жана ири банкирлери дүйнөлүк каржы кризисинен чыгуунун амалдарын талкуулоо үчүн Римде чогулууда. Жолугушуу алдында Эл аралык валюта корунун аткаруучу директору Доминик Стросс-Канн каржы сектору протекционизмдин толкунунан жабыркашы ыктымал деп эскертти. Ал өкмөттөрдү айрым бир компанияларды көмүскө жол менен колдоого албоого чакырды.