Бул тууралуу буйрукка президент Курманбек Бакиев 12-февралда кол койгон. Ага ылайык өлкө башчысынын атынан Баткен шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу Президенттик администрациянын Мамлекеттик башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Турар Сулаймановго дайындалган. (EK)