Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

“Чоң жетилик” жөлөкчүл саясатка каршы


Италиянын ордо шаары Римде жыйынга чогулган “Чоң жетиликтин” – дүйнөдөгү өнүккөн ири жети мамлекеттин каржы министрлери учурдагы дүйнөлүк экономикалык кризисти жеңүү үчүн олуттуу аракеттер жасалып жаткан шартта да протекциячыл (“жөлөкчүл”) чаралардан алыс болушаарын ишемби күнү (14-февралда) билдиришти.
Министрлер дүйнөлүк эркин базар үчүн тоскоолдук жаратуу азыркы дүйнөлүк каржы кризисин ого бетер курчутаары тууралуу эскертишти.
Алардын билдирүүсү жарыяланаар алдында АКШнын мыйзамчылары өлкө экономикасын кризис туңгуюгунан чыгарууга багытталган 787 миллиард доллардык каржылык чаралар топтомун жактырган болчу.
“Чоң жетиликке” АКШ, Британия, Германия, Жапония, Италия жана Канада кирет. Бул өлкөлөрдүн министрлери учурдагы экономикалык кризисти жеңүү алардын эң башкы саясаты экенин баса белгилешти.

XS
SM
MD
LG