Бул тууралуу “Азык-түлүктүн сапаты жана коопсуздугу жөнүндө калкты маалымдоо” уюмунун жетекчиси Алмаз Султашев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда калктын 1,5 пайызы гана сапатсыз азык-түлүккө нааразылыгы менен мамлекеттик мекемелерге кайрылышат. “Себеби, мындай жагдайда жыйынтык болооруна ишеним арта беришпейт. Ошондуктан сапатсыз азык-түлүккө туш болгондордун 70 пайызы аны ыргытып жиберет. Учурда сапатсыз азык-түлүк үчүн акчаны чек берилген супермаркеттерде гана кайрып алуу мүмкүн. Эгерде сапатсыз азык-түлүк ден-соолукка зыян келтирилсе, анда санитардык-эпидемиологиялык кызматка же сотко кайрылуу керек”, - дейт Алмаз Султашев. (ES)