Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Ж. Сапарбаев: Президент төртүнчү мөөнөткө барса да таң калбайм


Мындай оюн “Ата Мекен” париясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” билдирди. “Курманбек Бакиев мурдагы президенттин маалында премьерлик тактыда отурганда, Акаевдин ырайымсыз референдумдарына катышып, аларды колдоп келген. Эми кыргыз мыйзамдарын көз жаздымда калтырууда тажрыйбалуу президентибиз үчүнчү эмес төртүнчү президенттик мөөнөткө барам десе да таң калаарлык эмес”, - дейт Ж. Сапарбаев. Экинчи президенттик мөөнөткө бара тургандыгын Курманбек Бакиев 11-февраль күнү “Ала-Арча” резиденциясында журналисттерге билдирген болчу. “Экинчи мөөнөткө шайлоого барууга мыйзам жол берет жана мен бул укугумдан экинчи ирет пайдаланам”, - деген эле президент.

XS
SM
MD
LG