Аталган көргөзмө 17-февралда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде ачылып, эки жүзгө жакын сүрөттөрдү камтыган көргөзмө 5-мартка чейин созулат. Көргөзмөнүн Чоң жана Кичи Ооган Памиринде жана Таджикистандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунда жашаган кыргыздардын турмуш-тиричилиги, этномаданиятынын өзгөчөлүктөрү менен жергиликтүү калкты тааныштыруу болуп саналат. Музейдин кызматкери Валентина Иванованын маалымдащынча, көргөзмөнү Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети уюштурууда. (ES)