Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Парламент АКШ авиабазасы боюнча талкууну улантат


Кыргыз парламентинин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети АКШнын “Манастагы” авиабазасын чыгаруу маселесин 17-февралда карайт. Бирок бул маселе азырынча парламенттин февралдагы күн тартибине киргизиле элек, ал комитеттерде жана фракцияларда талкуулангандан кийин гана чечилет, -деп билдирди “Азаттыкка” “Ак жол” фракциясынын депутаты Жангороз Каниметов. Анын айтымында, базаны чыгаруу чечимин парламент кабыл алса кыргыз бийлиги АКШнын өкмөтүнө расмий түрдө билдирүү жасайт. Ал эми өткөн жума күнү АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Роберт Вуд авиабазаны чыгаруу тууралуу Кыргызстандан эч кандай расмий билдирүү боло электигин жана база боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат деп билдиргендигин эл аралык маалымат агенттиктери кабарлашкан. Андан тышкары АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Билл Бернс 12-февралда Москвада болуп, Ооганстандагы кырдаал жана “Манастагы” авиабаза боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзгүзгөндүгүн кабарлашкан. Ушундан улам АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнөн кийин авиабаза чыгарылбай калышы мүмкүн экендигин саясат талдоочулар белгилешкен.(BD)

XS
SM
MD
LG