Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

11 өлкө менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу парламентке сунушталды


АКШ башында турган антитеррордук коалицияга кирген Австралия, Норвегия, Түркия, Франция, Түштүк Корея, Испания, Италия, Дания, Жаңы Зеландия, Польша жана Голландия менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарууну сунуштаган мыйзам долбоорун өкмөт ишемби күнү кабыл алып, парламентке жолдоду. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин өкмөт АКШ менен 2001-жылы жетишкен мына ушундай келишимди жокко чыгарууну парламентке сунуштаган. Аны парламенттин комитеттери кезеги менен карашууда. 2001-жылдагы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин АКШ баш болгон өлкөлөр тобу Манас аба майданына аскерий база жайгаштыруу боюнча кыргыз өкмөтү менен келишимдерге жетишкен. Кыргыз өкмөтү азыркы мезгилде ал келишимдерди токтотуп, базаны чыгаруу аракетин көрүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG