Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:40

БГУда социалдык акыйкаттуулук боюнча талкуу болот


Бишкек гуманитардык университетинде эртең өтчү талкууга мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, вице-премьер Өкмөткан Абдуллаева, билим министри Абдылда Мусаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка коомдук ишмерлер катышмакчы. Быйылтан тарта дүйнө жүзүндө 20-февралда социалдык акыйкаттуулук күнү белгиленмекчи. Мындай чечимди 2007-жылы ноябрда Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Социалдык акыкаттуулук күнүн белгилөө демилгесин Кыргызстан сунуштаган болчу. (EBM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG