Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Кыргыз киносунда быйылкы иш пландар кандай?


Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы кинематография департаментинин жетекчиси Абибилла Пазылов кыргыз киносундагы быйылкы иш пландар боюнча “Азаттыкка” азын-оолак айтып берди.

- Кинематография департаментинин жобосу иштелип чыгыптыр деген маалымат алып атабыз. Ал жобонун өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсеңиз?

- Өткөн жуманын аягында биздин жаңы түзүлгөн департаменттин жаңы жобосу кабыл алынды. Бул жобонун негизги артыкчылыгы, же болбосо өзгөчөлүгү, мурдагы концерндин жобосунан айырмасы, биздин департамент мамлекеттин кино тармагындагы саясатын турмушка ашыруу милдети жүктөлгөн негизги уюм болуп калды. Бир жагынан кино өндүрүшүн көтөрүү, экинчи жагынан кинолорду элге жеткирүү багытында иштеп аткан бардык мекеме-уюмдардын башын бириктирүүгө ушул жобо кандайдыр бир пайдубал бере турган болуп калды.

- Жакында эле “Маданият жөнүндө” мыйзам кабыл алынбадыбы. Ошол мыйзамда кино тартуу боюнча демөөрчүлөргө жеңилдиктерди берүү шарттары каралганбы?

- Маданият боюнча мыйзам жаңы кабыл алынды. Мен тилекке каршы аны менен толук тааныша элекмин. Бирок бир гана нерсени мен анык билем, маданият боюнча бизде азыркы учурда кандай жеңилдиктер болуп атса, анын ичинде демөөрчүлөргө дагы, мунун баардыгы биздин кинематографияга да тиешелүү болуп калды. Мисалы, мурда маданий объектилерди ижарага бергенде, акчасы өкмөткө түздөн түз кетчү. Азыр өзүбүздүн мекемелерди, кандайдыр бир бөлмөлөрдү ижарага берсек, анын акчасы кинонун мындан ары өнүгүшүнө, өзүбүзгө кала турган болду. Мына ушундай маселелер боюнча маданият менен кинонун ортосунда биримдик бар экенин да көрсөтүп атат бул мыйзам.

-Кыргыз киносун тартуу багытында былтыркы бюджеттен канча акча каражат алдыңыздар жана кайсы кино тартылды?

- Былтыркы бюджеттен биз 19 миллион сомдон ашуун акча каражатын алдык . Бул мурда айтылгандан эки эсе аз. Буга бир жагынан кино тармагындагы кайра түзүүлөр болду. Былтыр бизде чоң фильмдерден Темир Бирназаровдун “Белгисиз багыт” деген фильмин бүттүк. Ошондой эле Эрнис Абдыжапаровдун “ Уурунун махабаты” деген фильмин былтыр баштоого мүмкүнчүлүк алдык. Андан тышкары 2-3 даректүү жана балдарга арналган кыска метраждуу фильмдер тартылды.

- Абибилла мырза, эмне үчүн бүгүнкү жашоону камтыган телесериалдар тартылбайт деген бир суроолор түшөт. Ошондой эле тарыхый, улуттук каада-салтты камтыган, патриоттук темадагы, же 50-60-жылдардагы окуяларды камтыган кино сериалдар жок?

- Абдан мыйзамдуу суроо. Бул боюнча биз азыр кинематография департаментинин 2015-жылга чейинки өнүгүү программасын, концепциясын иштеп чыгып өкмөткө сунуш кылдык, аны министрлик жактырды. Ошол концепциябызда бир жагынан сиз айтып аткан темалардын баарын өздөштүрүүнү, экинчи жагынан ошол темаларды өздөштүрүш үчүн материалдык-техникалык базабызды чыңдоо боюнча маселелердин баарын жаздык. Кудай буюруп өкмөт колдосо албетте алардын баарын жүзөгө ашырууга болот.

- Март айында “Жаш кино” деген аталыштагы биринчи фестиваль өтө тургандыгы жөнүндө маалымат алдык эле. Ал кандай шартта өтөт жана ага даярдыктар кандай?

- Ага даярдыктар толук жүрүп жатат. Акыркы үч жылда бизде кандай жаш режиссерлор жана кандай кинолор пайда болду дегенин көргөн атабыз. Бул жерде жалпы эле республика боюнча, “Кыргыз фильм” гана тарткан фильмдер эмес, баардык менчик студиялар тарткан фильмдер болмокчу. Ага 40 жашка чейинки режиссерлор катыша алат жана аларга бир топ байгелер коюлган. Биринчи байгени айтып коюшум керек. Эгерде жаш режиссер ошол жерден биздин баш байгени ала турган болсо, ага “Кыргыз фильм” студиясынан толук метраждуу фильм тартууга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG