Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Базаны чыгаруу АКШ жана Кыргызстан мамилесине терс таасирин тийгизбейт


Кыргыз тарапта мына ушундай ишеним бар экенин тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова 16-февралда билдирди. Анын айтымында, кыргыз-америка мамилесинин тамыры терең жана ал АКШ базасы Манаска жайгаштырылганга чейин эле башталган. Азыркы мезгилде эки тараптын мамилеси конструктивдүү мүнөзгө ээ жана эки тарап түзүлгөн кырдаалдан кадыр-барк менен чыга алат. ТИМдин орун басары ошондой эле Ооганстанда туруктуулук орноп, бийлик системасы калыптанган шартта Кыргызстан базаны чыгаруу чечими кабыл алганын, андай чечим кабыл алууга базага байланыштуу окуялар да таасир эткенин белгилеген. Кыргыз тараптын мындай чечими “Миң жылдыктын чакырыктары” программасына терс таасирин тийгизбейт, деп үмүттөнөбүз,- деп айткан Каламбекова.(AiT)

XS
SM
MD
LG