Сатуучу Каримжан Тогбаевдин айтымында, Жалал-Абатта шаардык базардын ээси 36 сатуучудан иш орундарын бошотууну талап кылган. Соодагерлердин «Адилеттик» уюму аркылуу мэрия, прокуратура, салык уюмдарына жасаган кайрылуусунан жыйынтык чыкпай жатат. Кайрылууда базар ээсин тартипке чакырып, иш менен камсыз кылууну, ижара орундарын ошол жерде иштегендерге берүү жөнүндө талап коюлган. Базар ээси айына бир жарым метр жер үчүн келишимде белгиленген 200 сомдун ордуна 900 сомдон ижара акы алууда. Анын көп салыктарды жашырганы ушундан билинүүдө. “Маселе чечилбесе, президентке кайрылабыз, же иш орундарыбызды сактап калуу үчүн 200 балабызды базарга алып келебиз. Өкмөт бизди иш менен камсыз кылбаса, үй-бүлөбүздү кантип багабыз” - деп суроо койду Каримжан Тогбаев. (YA)