Франциянын Жогорку Соту Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда 76 миңдей жөөттү концлагерлерге жибергендиги үчүн мамлекет жооптуу деген бүтүмгө келди. Соттун мындай чечими Франциянын Холокосттогу ролун моюнга алгандыгын билдирет. Жөөт уюмдары бул бүтүмдү кубатташты. Сот ошондой эле Франция жабыркагандарга компенсация бергендигин белгиледи. 1942-44-жылдар аралыгында Франциядан концлагерлерге 76 миң жөөт жөнөтүлгөн болчу.