Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Базаны чыгарууга Б.Бешимов каршы чыкты


Эл аралык иштер жана парламенттик байланыш комитетинин жыйынында социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов Манас аба майданындагы АКШ базасын чыгарууга каршы чыкты. Анын айтымында, базаны чыгаруу боюнча президент К.Бакиев 3-февралда Москвада жарыя кылгандан кийин өкмөт шашылыш чечим кабыл алды. Бул чечим Кыргызстан тышкы саясатта бир багыттуу болуп калганын көрсөтүп, өлкөнүн аброюна доо кетирди. Өкмөттүн жана Тышкы иштер министрлигинин Ооганстанда кырдаал турукташты деген пикири да чындыктан алыс. Ал жерде күрөш катуу жүрүп жатат.
Ал эми тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев базаны чыгаруу маселесин өкмөт 2-февралда талкуулап, чечим кабыл алганын билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG