Парламенттеги социал-демократиялык фракция 18-февралдагы жыйынында Манас аба майданындагы АКШ базасын чыгаруу маселесин карайт.Фракция депутаттарына тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат берет. Фракция жыйынында ошондой эле “Уу калдыктары жана тоо таштандылары жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү каралат. Бул тууралуу социал-демократиялык фракциядан бүгүн кабарлашты.(AiT)