БУУнун маалыматына ылайык, Ооганстанда былтыр жайкын жашоочулар арасындагы жоготуулар 40 процентке өсүп, саны 2 миң 118 кишиге жеткен. Улуттар уюму жаңы докладында өлүмдөрдүн 55 проценти үчүн согушкерлер жооптуу деп белгилейт. АКШ, НАТО жана оогандык аскерлердин колунан 829 карапайым адам каза тапткан.