Бейшенов Мурат башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басарынын кызматынан бошотулду. Мындай буйрукка Президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Мамлекет башчынын дагы башка буйругу менен бул кызматка Кенжисариев Марат Сарымсакович КРнын коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. (КЕ)